Үстүбүздөгү жылдын 13-февраль күнү М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун чоң залында Экономика жана сервис колледжинин студенти Озүбеков Нурболоттун «Сезимге болгон ак сүйүүм» аттуу китебинин бет ачаар салтанаты болуп өттү.
Анда көптөгөн сыйлуу коноктор катышып Нурболоттун мындан аркы окуусуна, чыгармачылык ишине ийгиликтерди каалап өтүштү. Салтанатта конокко чакырылган акындар, студенттер жаш акыныбыз Нурболоттун ырларынан көркөм окуп, иш-чара ыр, бий менен коштолуп өттү. Нурболоттун жакын туугандары сөз сүйлөп жалпы окуу жайдын жетекчилик жамаатына жаш акынды колдоп анын чыгармаларын ыр китеп кылып бастырып чыгарып бергенине жана ушундай салтанаттуу иш-чара уюштуруп бергенине ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.