Адам баласы бул жашоодо максат коюп, кыялданып жашайт. Бирок ар бирибизге ушул суроону узатсак: «Кимдин үмүтүн актагың келет?» — дегенде жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн бир эле жооп чыгат. Ал — ата-энебиздин үмүтү.